Вьетнам
From Wikipedia, the free encyclopedia
Bьeтнам (вьетн. Việt Nam), расмий аталышы ― Вьетнам Социалисттик Республикасы (ВСР, вьетн. Cộng Hòa Xã Hội Chủ Nghĩa Việt Nam, тьы-ном 共和社會主義越南, конг хоа са хой чю нгиа вьет нам) — Түштүк-Чыгыш Азияда жана Индокытай жарым аралдарынан орун алган өлкө. Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос жана Камбожа менен чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи жана анын булуңу Бакбо (Тонкин), түштүк-батышынан Сиам булуңу чулгап турат.
Вьетнам Социалисттик Республикасы (вьетн. Cộng Hòa Xã Hội Chủ Nghĩa Việt Nam) | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 2 сентябрь 1945 жыл (Макулдашуу) 21 июль 1954 жыл (Жарыяланган) ( Франциядан) | ||||
Расмий тили | Вьетнамча | ||||
Борбор шаары | Ханой | ||||
Ири шаарлар | Хошимин, Ханой | ||||
Башкаруу формасы | Бир партиялуу парламенттик республика | ||||
Президент Вице-президент Премьер-министр Башкаруучу | Чыонг Тан Шанг Нгуен Тхи Доан Нгуен Тан Зунг Нгуен Шинь Хунг | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 331 210 км² 1,3 | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | ▲100 195 275 адам (16) 3000 ад./км² | ||||
Этнохороним | вьетнамдык вьетнамдар вьетнамдыкдар | ||||
Акча бирдиги | Вьетнамдык донг (VND) | ||||
Домени | .ve | ||||
ISO коду | VN | ||||
ЭОК коду | VIE | ||||
Телефон коду | +84 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC UTC+7 |
Вьeтнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борбордук бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 км аралыкта созулуп жатат.
Аянты 329,3 миң км2. Калкы 90,5 млн (2011).
Борбору Ханой шаары.
Расмий тили ― вьетнам тили.
Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округка жана борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). Тарыхый-географиялык жактан үч аймакка бөлүнөт: Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) жана Түштүк (Намбо).
Вьeтнам Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) (1977), Эл аралык валюта фондунун (1956), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (2007), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги донг.