Италия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Италия (итал. Italia), ырасмый аталышы — Итальян Республикасы (итал. Repubblica Italiana) – Европанын түштүгүндөгү мамлекет, Жер Ортолук деңиздин алабында. Апеннин жарым аралын, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түштүк капталдарын, Сицилия, Сардиния ошондой эле майда аралдарды ээлейт. Италия – Франция, Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино жана Ватикан менен чектешет. Батышынан Лигурия жана Тиррен, түштүгүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери менен чулганат. Аянты 301,3 миң км2. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – Рим. Акча бирдиги – евро (2000-ж. чейин лира). Расмий тили – италян тили. Италиянын аймагы адатта 3 тарыхый-экономикалык аймакка бөлүнөт: Түндүк, Борбордук жана Түштүк Администрациялык-аймактык жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт.
Итальян Республикасы | |||||
| |||||
Гимн: «Il Canto degli Italiani (Итальяндардын ыры)» | |||||
Италия дүйнөлүк картасында | |||||
Негизделген | 17-март 1861-ж. | ||||
Расмий тили | итальянча | ||||
Борбор шаары | Рим | ||||
Ири шаарлар | Рим, Милан, Неаполь, Турин, Палермо, Генуя, Венеция, Болонья, Флоренция, Бари, Катания | ||||
Башкаруу формасы | парламенттик республика | ||||
Президент | Сержо Маттарелла | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы | 71 - дүйнөдө 302 073 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2023) • Жыштыгы | 58 784 790 адам (25) 201,1 ад./км² (43-дүйнөдө) | ||||
ISO коду | IT | ||||
ЭОК коду | ITA |
БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1958–67-ж. Европа экономикалык кызматташтыгы; 1967–92-ж. Европа кызматташтыгы), НАТОнун (1949), Евратомдун (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экономикалык кызматташтыгы жана өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.