Курил аралдары
From Wikipedia, the free encyclopedia
Курил аралдары — Камчатка жарым аралынан Хоккайдо аралына чейин созулуп жаткан жанар тоолуу аралдар архипелагы. Сахалин облусунда. Охот деңизин Тынч океандан бөлүп турат. 30дан ашык ири (Итуруп, Кунашир, Парамушир, Уруп ж. б.) жана көптөгөн майда аралдардан, аскалардан турат.