Кырым Муктар Республикасы
Украина автономиялуу республикасы, Кырым жарым аралынын көпчүлүк бөлүгүндө жайгашкан. доомат коюлган аймакты иш жүзүндө көзөмөлдөбөйт / From Wikipedia, the free encyclopedia
Кырым Муктар Республикасы, КМР (укр. Автономна Республіка Крим, АРК, кырым-тат. Qırım Muhtar Cumhuriyeti, QMC) – Украинанын субъектиси. Кырым жарым аралында жайгашкан. Аянты 27 миң км2. Калкы 1 895 915 (2015). Административдик-аймактык жактан 14 районго, 11 шаарга, 56 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Симферополь шаары. Калкынын негизин орустар (58,32%), украиндер (24,32%) түзөт, ошондой эле кырым татарлары (12,03%) ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Шаар калкы 69,2%. Ири шаарлары: Севастополь, Симферополь, Керчь. Курорт шаарлары – Ялта, Евпатория, Алупка, Алушта.