Aналдык секс
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аналдык кошулуу ( лат. anus - анус ), же болбосо аналга кирүү, аналдык катыш, аналга кирүү, аркадан киригизүү - бир өнөктөштүн жыныстык мүчөсүн же страпонду экинчи өнөктөштүн көтөн чучугуна киргизүү аркылуу аткарылуучу жыныстык катнаш [1] .
Аналдык катнаш карама-каршы жыныстагы жана бир жыныстуу өнөктөштөрдүн ортосунда да жасалат [2] [3] . Анын үстүнө, жыныстык катнаштын бул түрү кындын жыныстык катнашынан айырмаланып, өнөктөштөрдөн алдын ала даярдыкты талап кылат [3] [4] .
Аналдык катыш негизи гомосексуал эркектер менен байланышытырганына карабай, бир гана гомосексуалдар эле аналдык секс менен алектенип калбай, гетеросексуалдуу мамилелердин арасында дагы аз эместигин көптөгөн изилдөөлөр көрсөтүп келет [5] . Кээ бир аналдык секстин түрлөрү лесбияндардын жыныстык жашоосунун бир бөлүгү болушу мүмкүн . Адамдар анустагы нерв учтарын стимулдоо аркылуу аналдык катнаштан ырахат ала алышат, ал эми аналга киргизүү аркылуу эркектерде простата безин кыйыр стимулдаштыруу, аялдарда клитор же кындын чөйрөсүн стимулдоо аркылуу оргазмга жетүүгө болот [6] .
Баардык эле жыныстык катнаштар сыяктуу эле, аналдык сексти тажыйырбалаган адамдардажыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу бар. Аналдык секс анустун жана көтөн чучуктун аярлуулугу айынан тобокелдиги жогору сексуалдык тажыйырба болуп саналат. Аналдык жана көтөн чучуктун ткандары өтө назик болгону үчүн оңой эле жыртылып, инфекциялар жугуп калышы мүмкүн, өзгөчө жыныстык катнаш учурунда атайын майлоочу май колдонулбаса [7] . Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инфекциялардан коргонуу үчүн аналдык секс учурунда презерватив колдонууну сунуштайт .