Аккордеон
From Wikipedia, the free encyclopedia
Аккордеон - (фр. accordeon) - клавиштүү үйлөмө музыкалык аспап. XIX кыдымда Европа өлкөлөрүндө жана Россияда таралган. Оң жагындагы баскычтуу клавиатура үч октаваны тузөт. Сол тарабындагы топчулуу клавиатура 6 же 7 катардан турат да; биринчи жана экинчи катарларда бастын үндөрү жайланышкан,калган катарлардагы топчулар даяр аккорддун үндөрүн чыгарышат. Андан тышкары аккордеон аспаптын үндөрүнүн тембрин алмаштыруучу, же үндөрдү октавага эки эселентчүү регистр-которгучтар менен жабдылган.