Алевролит
From Wikipedia, the free encyclopedia
Алевролит - (гр. aleuron - ун, lithos - таш) негизинен 0,01-0,1 мм өлчөмүндөгү бүртүкчөлөрдүн (алеврит) цементтелип, ныкталышынан пайда болгон жана диагенездин таасиринен өзгөрүүлөргө учураган катуу чөкмө тоотек. Алевролит нефть, газ жана суу топтолуучу тоотектерден. Кыргызстанда кеңири таралган.