Желатина
From Wikipedia, the free encyclopedia
Желатина, желатин (фр. gelatine - тоңгон, муздаган) - жаныбарлардан алынган белоктуу заттардын аралашмасы.
Желатина сөөк, каргыш, кемирчекти сууга көпкө кайнатуудан алынат. Даамсыз, жытсыз, туссуз же сары зат келет. Желатина медицинада, биологияда (кан токтотуучу каражат катары ж. б.), тамак өнөр жайында (желе, мармелад жасоо үчүн), техникада (картон, жогорку сорттогу кагаздарды чаптоо үчүн) колдонулат.