Жер тобундагы планеталар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Жер тобундагы планеталар – Меркурий, Чолпон, Жер жана Марс. Ж. т. п-дын өлчөмү зор планеталардыкына салыштырганда кыйла кичине болот.
Тыгыздыгы суунун тыгыздыгына салыштырганда кыйла жогору болот да, өз огунун айланасында айланышы жай болуп, спутниктеринин санынын аз болушу менен айырмаланат. Чолпон планетасынын Күндүн айланасында башка планеталардын кыймылына тескери багытта айланышы да анын физикасын үйрөнүүдө өзгөчө изилдөөлөрдү талап кылат.