Кипр
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кипр (грек. Κύπρος; түрк. Kıbrıs), ырасмый аты — Кипр Республикасы (грек. Κυπριακή Δημοκρατία, түрк. Kıbrıs Cumhuriyeti) — Батыш Азиядагы мамлекет; Кипр аралында, Жер Ортолук деңиздин түндүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Аянты 9251 км2. Калкы 1099,4 миң (2008). Борбору — Никосия. Расмий тилдери — грек жана түрк тилдери. Акча бирдиги — евро. Административдик-аймактык жактан 6 округга (епархийге) бөлүнөт.
Кипр Республикасы | |||||
| |||||
Эгемендүүлүк күнү | 16-август 1960-ж.
( Улуу Британиядан) | ||||
Расмий тилдери | грек тили, түрк тили | ||||
Борбор шаары | Түштүк Никосия | ||||
Ири шаарлар | Түштүк Никосия, Лимасол | ||||
Президент | Никос Анастасиадис | ||||
Акча бирдиги | евро | ||||
ISO коду | CY | ||||
ЭОК коду | CYP |
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2005): Кипрдин аймагынын 36%ке жакын аянтын (анын ичинде Кириния округу, ошондой эле Фамагуста округунун бир аз бөлүгү кошо) Түркия ээлеп алган. Кипрдин аймагында 280,2 миң калк жашайт. Борбору — Никосия (шаардын түрктөр жашаган бөлүгүнүн калкы 52 миң). Расмий тили — түрк тили; акча бирдиги — түрк лирасы. ТКТР административдик жактан 5 округга бөлүнөт. Аймагынын 2,7% аянтын Британиянын аскер базасы ээлейт. Кипр — БУУнун (1960), Шериктештиктин (1961), ЭВФтин (1961), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1961), Европа Советинин (1961), Европа коопсуздугу жана кызматташтык уюмдун (1973), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (2004) мүчөсү.