Кусуу
From Wikipedia, the free encyclopedia
Кусуу — ооз (чанда мурун) аркылуу карындын ичиндегилерди эрксизден чыгаруу; организмдин карынга бөтөн нерселер, сапатсыз тамак-аш жана ар кандай уу зат түшүп, анын былжыр челин дүүлүктүргөндө болуучу коргонуу-ыңгайлануу реакциясы. Кусуу карындын жана ички органдардын, борбордук жана четки нерв системасынын дүүлүгүүсү же оорусунда байкалат; ошондой эле кош бойлуулар да кусат (Талгак). Карындын кээ бир ооруларында (мисалы, жара оорусу, гастрит) кусардан мурда окшуйт (Окшуу). Кускандан кийин оорулуу өзүн жеңил сезип калат. Башка органдар (жүрөк, өт баштыгы, сокур ичеги жана башка) жабыркап, карынга рефлекстик таасир эткенде да кусат.
Кусуу баш травмасы — мээ чайкалышында жана шишигинде, мээнин кан айлануусунун бузулушунун белгиси болушу да мүмкүн. Катуу оорулуулардын жана эсинен тангандардын кусундусу дем алуу жолуна кетип калбасын үчүн оорулууга жакшы көз салуу керек. Кусуу убагында оорулууну отургузуп же башын ылдый кылып кырынан жаткырат. Эгерде оорулуу чалкасынан жатса кусуп бүткөнгө чейин башын капталына буруп, ошол абалда кармап туруу зарыл. Кускандан кийин оозун чайкатып, алы жок оорулуунун оозун ным чүпүрөк менен тазалап коёт. Кан аралаш кусса карын тушуна муздак коюп, оорулууну тынчтандырып, тезинен врач чакыруу зарыл.
Кээ бир тамак же дарыны ичкенден кийин кусса аны андан ары колдонуу токтотулат. Эгерде эч себепсиз кусса врачка кайрылуу керек.
Эметология- кусууну, окшууну изилдеген медицинанын тармагы.