Моравия
Чехиядагы тарыхый жер / From Wikipedia, the free encyclopedia
Моравия (чех. Morava, нем. Mähren) Чехиядагы тарыхый аймак. Моравиядагы биринчи турак жайлар алгачкы палеолитке таандык. Биздин заманга чейинки 400-жылдар ченде кельттер, биздин замандын башында германдардын маркоман жана квад уруулары жашаган. Биринчи миң жылдык аралыгында ал жерге славяндар (моравандар жана башкалар) келип отурукташкан.