Нью-Йорк
From Wikipedia, the free encyclopedia
Нью-Йорк же Жаңы Йорк (англ. New York City, IPA: [nuː ˈjɔɹk ˈsɪtɪ] же [njuː ˈjɔːk ˈsɪti]) — Американын ири шаары, дүйнөнүн ири шаарларынын бири. Калкынын саны 8 363 710 адам (2010-жыл)[1], шаар аймагын кошкондо — 20,61 млн. Атлантика океанынын жээгинде Нью-Йорк штатынын түштүгүндө жайгашкан. Нью-Йорк XVII кылымда голландиялык колонистер тарабынан негиделген. 1664-жылга чейин шаар «Жаңы Амстердам» деген ат менен белгилүү болгон.
Нью-Йорк | |||
англ. New York City | |||
| |||
Өлкө | |||
---|---|---|---|
мэр |
Майкл Блумберг | ||
Тарыхы жана Географиясы | |||
Негизделген күнү |
1624-жыл | ||
Мурунку аталышы |
Жаңы Амстердам | ||
Аянты |
1214,9 | ||
Бийиктиктиги |
3 | ||
Калкы | |||
Калкынын саны | |||
Жыштыгы |
адам/км2 | ||
Агломерациясы |
20 610 000 | ||
Этнохроним |
ньюйорктук | ||
Сандык идентификаторлор | |||
Убакыт аралыгы |
-5 | ||
Телефон коду |
212, 718, 917, 347, 646 | ||
Почта индекси |
100xx-104xx, 11004-05, 111xx-114xx, 116xx | ||
http://www.nyc.gov/ |
Нью-Йорк 5 аймактан турат: Бронкс, Бруклин, Квинс, Манхэттен жана Статен-Айленд.
Негизги маданий жана тарыхый баалуулуктары Манхэттенде орун алган. Алардын ичинде: тарыхый мунаралар (Эмпайр-стейт-билдинг, Крайслер-билдинг), Рокфеллер-борбору, Вулворт-билдинг, көркөм Метрополитен музейи, Метрополитен-Операсы, Соломон Гуггенхайм атындагы искусство музейи (сүрөт), Американын табийгый тарыхый музейи (динозаврлар скелети жана планетарий), легендарлуу «Челси» мейманканасы, БУУ баш-кеңсеси, Гарлем.
Нью-Йорк — дүйнөдөгү каржылык, саясий, экономикалык жана маданий борбор[2].