Пигмейлер
From Wikipedia, the free encyclopedia
Пигмейлер (гр. pygmaios — муштумдай) — Африканын тропик токойлорунда жашаган кодоо адамдар (эргежээлдер).
Пигмейлер | |
| |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 280 000 [1] | |
Тили |
Банту тилдери, Убангий тилдери |
Алар жөнүндө б. з. ч. З-миң жылдыктагы жазууларда, байыркы грек даректеринде эскерилет. Пигмейлер Габон, Камерун, ТАР, Заир, Руанданын токойлорунда негр расасындагы элдер жана уруулар менен кошо жашайт. Пигмейлердин бою пас (бойлуу эркектериники 144—150 см), чачы тармал, эрини жука, Кызыл жуздуу келип, дене тузулушу боюнча өзгөчө расаны түзөт. Жалпы саны болжол менен 40—200 миңче. Аңчылык, жер жемиш чогултуу менен кесип кылат. Жерг. элдердин (эфе, асуа ж. б.) тилинде сүйлөшөт.