Сан
санды жазуу үчүн белги / From Wikipedia, the free encyclopedia
Сан ― санды жазуу үчүн белгилердин тутуму.
«Сан (өлчөө)» менен адаштырбаңыз.
Сандар биринчи жолу египеттиктер менен вавилондуктарда пайда болгон. Бир катар элдерде (б. гректер, финикиялыктар, еврейлер, сириялыктар) Сандарды тамга менен белгилешкен. Орусияда 16-га чейин ушуга окшош тутум колдонулган. Орто кылымда Европада рим сандын тутуму пайдаланылган (I, II, III, IV, V, VI ж.б. у. с.), алар негизинен ондук разряддын өзгөчө белгилерин колдонууга негизделген; 1-1; Х-10; С-100; М-1000 жана алардын жарымы V-5; L-50; D-500. Азыркы (араб) сандарын 13-кылымда арабдар Европага алып келген жана 15-кылымдын 2-жарымынан кеңири тараган. Tap маанисинде сандар деп 0,1,2,3,4,5,6,7,8,9 белгилери аталат, к. Эсептөө.