Түймөкчө бактериялар
From Wikipedia, the free encyclopedia
Түймөкчө бактериялар – айрым өсүмдүктөрдүн (көбүнчө чанактуулар) тамырында түймөктү пайда кылуучу аэробдук бактериялар. Алар абадан азотту сиңирип (фиксациялап), топурактын асылдуулугун жогорулатат.
Алардын чоцдугу 0,5-0,9 же 1,2-3 мк. Түймөкчө бактериялар тамырга тамыр түтүктөрү аркылуу кирет. Алардын таасири менен тамырдын клеткалары тез бөлүнүп, тоголок, жумуру формадагы түймөкчөлөрдү пайда кылат. Бул түпмөкчөлөрдө бактериялар жашайт. Түймөкчө бактериялар өсүмдүктөрдү азоттун кошулмалары менен камсыз кылат, өзүлөрү өсүмдүктөн oprаникалык жана минерал заттарды алат. Түймөкчөлөр бузулганда Түймөкчө бактериялар топуракта бош түрүндө сапрофиттер катары жашашат. Түймөкчө бактериялардын ар бир түрү белгилүү чанактуулар менен гана симбиоз дошот. Түймөкчө бактериялардын жаратылышта азоттун айланышында жана айыл чарбада мааииси зор. Топуракты Түймөкчө бактериялар менен байытуу үчүн чанактуулардын уругун бактериялык жер семирткичтер менен аралаш себет