2020 Кыргызстан футбол чемпиондугу
From Wikipedia, the free encyclopedia
2020 Кыргызстан футбол чемпиондугу (Кыргыз Премьер Лигасы) — Кыргызстан футбол лигаларынын тутумунун жогорку дивизионунун 29-мезгили. Кыргызстан чемпиондугу «жаз-күз» системасы боюнча уюштурулат. Чемпиондук наамды Бишкектик «Дордой» коргоодо.
Мезгил | 2020 |
---|---|
Ойнолгон беттештер | 10 |
Киргизилген голдор | 13 (1.3 бир оюнда) |
Мыкты бомбардир |
Бекжан Сагынбаев (3 гол) |
Үйдөгү эң ири жеңиш |
Дордой 6–1 Илбирс (15-март 2020) |
Эң натыйжалуу беттеш |
Дордой 6–1 Илбирс (15-март 2020) |
← 2019 2021 →
Статистика 2020-жылдын 15-мартына карата. |
Мелдеш титулдук демөөрчү «Шоро» компаниясынын каржылык колдоосу менен өткөрүлөт жана Шоро Премьер Лигасы деп аталат.
2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө максатында Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын (КПФЛ) жалпы жыйналышында Шоро Премьер Лигасынын беттештерин 11-апрелге чейин токтото туруу чечими кабыл алынган[1][2]. Ал эми, 2020-жылдын 24-мартында КПФЛдин жалпы жыйналышы Шоро Премьер Лигасын 8-майда кайра улантуу чечимин кабыл алган[3][4].