Samsung Galaxy S7
From Wikipedia, the free encyclopedia
Samsung Galaxy S7 (SM-G930, SM-G935) — Samsung дүйнө жүзүн техникалык жаңы ачылыштар менен таң калтырып келген компания катары белгилүү. Аталган компания 1 жыл мурун премиум-класстагы S6 моделин чыгарса, учурда уникалдуу саналган Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge Смартфондордун сатыкка чыгарды. Булар акыркы жылдагы жетишкендиктер менен заманбап технологиялардын артыкчылыктарын кошуп, элеганттуу жана мезгилдин талабына жооп берет. Мунун технологиялык мүнөздөмөлөрүн азыркы компьютерлер менен салыштырса болот, ал эми ылайыктуу көлөмүнө көркөм дизайны жарашып, башкалардан бир топ айырмалантат. Ошондой эле Galaxy S7 смартфону виртуалдуу реалдуулукка өтүүчү Samsung Gear VR көз айнеги, Gear 360 камерасы жана Samsung Gear S2 cааттары коштолгон жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Смартфондор алгачкы жолу ушул жылдын февраль айында Барселонада өткөн Mobile World Congress көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн. Ал эми Кыргызстанда Samsung Galaxy S7 жана S7 Edge смартфондору 2016 жылдын 17-мартынан баштап расмий түрдө сатыкка кошулду.
Samsung Galaxy S7 | |
' | |
Өндүрүүчү |
Samsung Electronics |
---|---|
Сериясы |
Samsung Galaxy S |
Тиктеш моделдери |
Samsung Galaxy S7 Edge |
Чыгарылган датасы |
21 февраль 2016 жыл |
Сатыкка чыгышы |
11 март 2016 жыл |
Түрү |
смартфон/коммуникатор |
Салмагы |
152/157 грамм |
Оперативдик системи | |
Процессору |
Exynos 8890 Octa-core (төрт ядр. M1 2.3 ГГц жана төрт ядр. Cortex-A53 1.6 ГГц) |
Графикасы |
Mali-T880 MP12 |
Флеш-эс тутуму |
32 ГБ |
Эс тутум картасы |
microSD 200 ГБ чейин |
Аккумулятору |
3000/3600 mAh |
Экраны |
5.1"/5.5" |
Мурдагысы |
Samsung Galaxy S6 |
Кийинкиси |
Samsung Galaxy S8 |
Шилтемеси |