Корей Эл-Демократиялык Республикасы
кэдр / From Wikipedia, the free encyclopedia
Корей Эл-Демократиялык Республикасы (кор. 조선 민주주의 인민 공화국 (Чосон Минджуджуи Инмин Конхвагук)}}, кыт. 朝鮮民主主義人民共和國), Түндүк Корея – Чыгыш Азиядагы Корей жарым аралчагынын түндүгүндө жайгашкан мамлекет. Түндүктө Кытай, түндүк-чыгышта Орусия, түштүктө Корей Республикасы (Түштүк Корея) менен чектешет. Батышта Сары деңизге, чыгышта Жапон деңизине чыгат. Борбор - Пхеньян калаасы. 1948-жылдын Аяк оона айынын 9 кеңештер басып алган жерде КЭДР курулган. Мамлекеттин расмий башкы ою (идеологиясы) - Ким Ир Сен менен Ким Чен Ир ойлоп-тапкан чучхе ою ("көңүл борборунда адам турган философиялык башкы ой"). Өлкөдөгү бийлик Корей эмгек партиясынын, Ким Чен Ир атту Улуу Башкарманын колунда.
Корей жарым аралынын түндүк бөлүгүн жана материктин бир аз чет-жакасын ээлейт. Батышынан Сары деңиз, чыгышынан Япон деңизи менен чулганат (жээк сызыгынын жалпы узундугу 2495 км). Түндүгүнөн Кытай, Россия (Туманган дарыясы аркылуу), түштүгүнөн Корей Республикасы менен чектешет. Аянты 122,8 миң км2. Калкы 24 720 407 (2013). Борбору — Пхеньян. Расмий тили — корей тили. Акча бирдиги — вона. КЭДР административдик-аймактык жактан 9 провинциядан, 1 шаардан, 1 борборго баш ийген райондон турат. Кэсон (Түштүк Хванхэ провинциясы) жана Кымган (Канвондо провинциясы) атайын экономикалык зоналары, ошондой эле өзгөчө баш ийүүдөгү — Нампхо шаары (Түштүк Пхёнан провинциясы) өзүнчө административдик статуска ээ.
КЭДР — Бириккен Улуттар Уюмунун (1991), Бейтарап уюмдарынын (1975) мүчөсү. Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2009):
- Борборго баш ийген шаар.
- Борборго баш ийген район.
Коре Эл-Демократиялык Республикасы | |||||
| |||||
Урааны: «кор. 강성대국» «Күчтүү өнүккөн өлкө» | |||||
Гимн: «Мекенге болгон сүйүү ыры» | |||||
КЭДР дүйнөлүк картасында | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 9-сентябрь 1948-жылы
( Жапониядан) | ||||
Расмий тили | Корей тили | ||||
Борбор шаары | Пхеньян | ||||
Ири шаарлар | Пхеньян, Хамхын, Кэсон | ||||
Башкаруу формасы | Социалистик республика | ||||
Мамлекеттик кеңешинин төрагасы | Ким Чен Ын | ||||
Аянты • Жалпы | 97 - дүйнөдө 120 540 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2011) • Жыштыгы | 24 457 492 адам (49) 193,54 ад./км² | ||||
Акча бирдиги | КЭДР вонасы | ||||
Домени | .kp | ||||
ISO коду | KP | ||||
ЭОК коду | PRK | ||||
Телефон коду | +850 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +9 |