Еврокөрүнүү ыр сынагы
From Wikipedia, the free encyclopedia
«Еврокөрүнүү» ыр сынагы (англисче: Eurovision Song Contest; французча: Concours Eurovision de la chanson) – Европа телерадиоберүү бирикмесинин (EBU)[1] мүчө – өлкөлөрү арасындагы эстрадалык ыр сынагы. Сынактын ичинде чыгарылып жаткан интеллектуалдык өздүктөрдүн ээси болуп Европа телерадиоберүү бирикмеси (EBU)[2] саналат.
Еврокөрүнүү ыр сынагы "Еврокөрүнүүнүн Логотиби" | |
Жалпы маалымат | |
Жылдар: | 1956 - бүгүнкү күндөр |
Ктышуучу өлкөлөрдүн саны: | баары чогулуп 51 |
Мүдүр: | Jan Ola Sand |
WWW.EUROVISION.TV |
Сынакта «Европа телерадиоберүү бирикмесинин» (EBU) ар бир мүчө – өлкөсүнөн бирден өкүл катыша алат. Ар бир өлкөдөн сынакта 6 адамдан турган топ же бир өкүл, 3 мүнөттөн кем жана ашык эмес ырды аткарышы зарыл. Баардык катышуучулар өнөрлөрүн көрсөткөндөн кийин, жарымфиналдарда жана финалда катышкан, баардык өлкөлөрдөн турган теле добуш берүү ыкмасы менен эң популярдуу ыр аныкталат.