Мьянма
From Wikipedia, the free encyclopedia
Мьянма Союз Республикасы[5] (бирм. ပြည်ထောင်စု သမ္မတ မြန်မာနိုင်ငံတော် «Пьидаунзу Мьянма Найнгандо»), кыскача — Мьянма (бирм. မြန်မာ), (1989-жылы чейин Бирма) — Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралынын түндүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Индия жана Бангладеш, түндүк-чыгышынан Кытай, чыгышынан Лаос, Түштүк-чыгышынан Тайланд менен чектешет. Түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Бенгал булуңу, Андаман деңизи менен чулганат. Аянты 678,5 миң км2. Калкы 58,8 млн (2009); калкынын саны боюнча дүйнөдө 26-орунда. Борбору – Нейпьидо (2006-жылдан; башкы экономикалык борбору – Янгон). мененын курамында 7 улуттук жана 7 административдик облусу бар. Акча бирдиги – мьянма кьяты. Мьянма – БУУнун (1948), ЭВФтин (1952), Азия өнүктүрүү банкынын (1973), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1952), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), АСЕАНдын (1997) мүчөсү.
(лат. кыр. Mjanma Odaǵynyn Respublikasy) | |||||
| |||||
Мамлекеттик Гимни | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 4-январь 1948 | ||||
Расмий тили | Бирма тили | ||||
Борбор шаары | Найпьидо | ||||
Ири шаарлар | Янгон, Мандалай, Найпьидо | ||||
Башкаруу формасы | Президенттик республика | ||||
Президент Вице-президент Вице-президент | Тхин Чжо Сайн Мау Кхан Ньан Тхун | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 678 500 км² 3,06 | ||||
Калкы • Бааланган (2013) • Жыштыгы | ▲55 167 330[1][2] адам (24) 73,9 ад./км² | ||||
АДӨИ ( 2013) | ▲ 0,498[3] (орточо) (149-чу) | ||||
Акча бирдиги | Мьянма кьяты | ||||
Домени | .mm[4] | ||||
ISO коду | MM | ||||
ЭОК коду | MYA | ||||
Телефон коду | +95 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +6:30 |