Норвегия
From Wikipedia, the free encyclopedia
Норвегия (норв. Norsk), ырасмый аталышы — Норвегия Королдугу (норв. Kongeriket Norge) – Түндүк Европадагы мамлекет. Скандинавия жарым аралынын батыш жана Түндүк бөлүгүн ээлейт. Шпицберген архипелагы (Аюулуу аралы кошо) жана Ян-Майен аралы да Норвегиянын курамына кирет. Түндүк-чыгышынан Баренц, түндүк-батышын Норвег жана түштүгүнөн Түндүк деңиздери жана Скагеррак кысыгы чулгайт. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Швеция, Финляндия, Россия менен чектешет. Аянты 324,2 (аралдары менен 387) миң км2. Калкы 5,5 миллион (2023).[1] Борбору – Осло шаары Административдик-аймактык жактан 19 фюлькеге бөлүнөт. Акча бирдиги – норвегия кронасы.
Норвегия Падышалыгы | |||||
| |||||
Гимн: «Ja, vi elsker dette landet Ооба, биз бул өлкөнү сүйөбүз» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 7-июнь 1905-ж. (жарыяланган) 26-октябрь 1905-ж. (таанылган) ( Швециядан) | ||||
Расмий тили | норвежче | ||||
Борбор шаары | Осло | ||||
Ири шаарлар | Осло, Берген, Тронхейм, Ставангер | ||||
Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
Падышасы Премьер-министри | Харальд V Йонас Гар Стөре | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. | 67 - дүйнөдө 385 207 км² 5,7 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы | ↗5 550 203 адам (119) 14,40 ад./км² | ||||
ISO коду | NO | ||||
ЭОК коду | NOR |
Норвегия – БУУнун (1945), НАТОнун (1949), Европа (1949), Түндүк (1952) кеңештеринин, ЭВФтин (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа эркин соода ассоциациясынын (1960), Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960) жана башка уюмдардын мүчөсү.